Аскат Молдобаев, Курманбек Дыйканбаев деген жигиттер бар көлдүк. Өмүрбек Бабановдун арты менен элге-журтка таанылышкан. Мына ошолор өткөн жылдагы парламенттик шайлоодон кийин Өмүрбек Бабановго таарынышып жүрүшкөн, «биз көп добуш алып берсек, бизге мандат бербей койду» дешип. Анан эле СДПКны көздөй кире качышкан тура кайрандар. Ысык-Көлдө СДПКнын кадыры мурда жогору болчу. Дал ушул Дыйканбаев сыяктуулар келгенден тартып, учурда көлдүктөр аталган партияга анчейин көңүлдөрү чаппай калды. Эми көрөбүз да, шайлоодо канча пайыз добуш СДПКга алып беришээрин. Ал күндөргө деле аз калды буюрса.
Булак: “Ачык саясат”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ