Жол министри Жамшитбек Калиловдун шалаакы иштери тууралуу канчадан бери жазып жатып, жаагыбыз тешилди. Муну тескеп, ордуна койчу жан жок окшойт, бүгүнкү күнгө чейин жооп алалбай турубуз. Маселен, түндүк-түштүк альтернативдүү жолун курууда өтө чоң сумманы көрсөтүүдө, айрым депутаттар эки эсеге кымбат экенин айтып чыгышты. Чоң суммага кол шилтеген күндө да өз мөөнөтүндө бүтөөрү күмөн болгону чоң суроолорду жаратууда. Ошондой эле Кытайдын грантына ички жолдор салынып жаткан чагы, анын сапаты да канчалык деңгээлде экени белгисиз. Айтор, жол башчысы көптөгөн маселеге жооп бербей качып жүргөн чагы, өйдө жактагылар да көлөкөсүн салып, калкалап турган кези. Бардыгын кекиртегинен илип алгыдай бул жигиттин теңге салган калтасы чоңбу? Биз түшүнбөй турабыз…
Булак: “Де-Факто”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ