Menu

“Ак Кеме” мейманканасынын иши боюнча Жоомарт Оторбаев жоопко тартылабы?

Бөлүшүү:

Бүгүн, 30-октябрда жактоочу Кайрат Загибаев басма сөз жыйынын өткөрүп, “Ак Кеме” меймананасы боюнча соттук иште учурунда Жоомарт Оторбаевдин өкмөтү “Мюхендислик систем” түрк компаниясына акчалай каражат котортуп, кылмыштуу чечим кабыл алган деп чыкты.

90-жылдары Түркия коммерциялык долбоорлордун өнүгүүсү үчүн Кыргызстанга кредит берген. Анын алкагында “Ак Кемени” курууга 8,7 млн доллар бөлүнгөн. Бул долбоор “Ак-Кеме” ЖАКысы жана “Систем Мюхендислик Иншаат ве Тижарет А. Ш.” түрк компаниясы тарабынан жүзөгө ашкан. Бир нече жылдардан кийин мейманкана банкрот абалына келип, компаниянын экинчи үлүшүн түрк тарап сатып алып, жалгыз өздөрү ээлик кылып калган. Кыргыз тараптагы ээлери Акаевдин айланасындагылардын колдоосу менен рейдерлик басып алуу болгонун айтышкан. 2005-жылы март ыңкылабынан кийин кыргыз тарапка өткөн, бирок түрк бизнесмендери бир нече жыл бою салык төлөбөй, мамлекеттин алдындагы карызы ири санда болуп кеткен. Түрк компаниясынын ээлери эл аралык издөөгө да алынган.

Кыргызстан алдындагы карызына карабай, 2009-жылы эл аралык сотко берип, мейманканага салынган каражатты талап кылышып, сотто утуп алышкан. 2012-жылы инвестициялык талаштарды жөнгө салуу боюнча эл аралык борбор түрк компаниясынын алдындагы карызды жабуу үчүн “Центерранын” мамлекетке тиешелүү акцияларын камакка алган. Ал кезде Оторбаевдин өкмөтү бүджет эсебинен 11 млн доллар төлөп берген.

Жактоочу Загибаев бул чечимди мыйзамсыз деп эсептеп, иш тийиштүү деңгээлде каралбай, Кыргызстан эл аралык борбордун чечимин аткарууга милдеттүү эместигин айтып жатат. Быйыл августта Экономикалык кылмыштарга каршы мамкызмат бул ишти тергей баштаган. Ошондон улам жактоочу Оторбаевди күнөөлүү деп таап, жоопко тартылышын талап кылды.

Булак: KyrgyzToday.kg

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 12 = 16

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: