Жогорку Кеӊештин Төрагасынын орун басары алмашат. Жыйын жүрүшүндө вице-спикер Данияр Төлөнов (“Кыргызстан” фракциясы) өз ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтото турганын билдирди. Бул туурасында Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы маалымдайт.
Депутат өзүнүн кызмат ордунан кетишин «Кыргызстан» фракциясынын дагы бир өкүлү Дастанбек Жумабековдун Жогорку Кеӊештин Төрагалыгына шайланышы менен байланыштырууда. «Мен бир фракциянын эки өкүлүнүн парламент жетекчилигинин курамында отурушу этикалык жактан туура эмес болуп калат деген ойдомун. Башка фракциялардын мүчөлөрүнө да мүмкүнчүлүк берүү керек. Мага ишеним көрсөткөн эл өкүлдөрүнө өтө ыраазымын, мындан ары депутат катары чогуу иштеше беребиз», – деди ал.
Андан тышкары, депутат Данияр Төлөновдун Жогорку Кеӊештин Төрагасынын орун басары кызматынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтото турганы тууралуу арыз менен кайрылганы белгилүү болду.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ