Menu

Ошто мечиттерде азан айткан сопуларды окутуу иштери башталды

Бөлүшүү:

Бүгүн, 13-сентябрда Ош шаарындагы Сулайман-Тоо борбордук мечитинде Ош облустук казыяты тарабынан уюштурулган мечит азанчылары үчүн окутуу семинары болуп өттү. Аталган иш-чарага Ош облусунун казысынын орун басары Нурбек кары Орунбаев, КРнын дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын түштүк аймактык бөлүмүнүн өкүлү Бөрүмухамбед Эсенов, Кыргызстан Мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Абдималик ажы Турсунбеков жана Кара-Суу районунун аймагынан келген 60га чукул мечиттердин азанчылары катышышты. Семинардын биринчи бөлүгүндө Кыргызстан Мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Абдималик ажы Турсунбеков Намаз убактыларынын бекитилген эрежелери боюнча түшүнүк берип, намаз убактыларынын аныкталышы, алардын чек-аралары боюнча шарияттын жана астрономиялык илимдин аныктаган негизинде түшүндүрүп берди.

Ал эми экинчи бөлүктө облус казысынын орун басары Нурбек кары Орунбаев азандын тарыхы, өкүмдөрү, шарттары жана пазилеттери боюнча сабак өттү. Мындан сырткары сопуларга практикалык тапшырмалар берилип, азанды мукамдуу айтуудагы кырааттары текшерилди. Ошондой эле жалпы семинардын уюштурулушу боюнча Н.Орунбаев төмөнкүлөргө токтолду: “Бул иш-чараны уюштуруудагы негизги максат мечит сопуларынын квалификациясын жогорулатып, мечиттерде бекитилген убакыттардагы тартипти бекем сактап,  азанды өз эрежелерине ылайык көркөмдүү  айткан адистерди даярдоо болуп саналат. Семинарды облустун бардык райондорунда өткөрүүнү пландаштырып жатабыз” –деп билдирди.

Эскерте кетсек, азанчылар үчүн уюштурулган окуу семинарына катышкан сопулар мындан ары тиешелүү сынактарды тапшырышып, ийгиликтүү өткөндөргө атайын сертификаттар берилмекчи.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 96 − 93 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: