Menu

“Халалдын” баары эле халал эмес…

Бөлүшүү:

Колбаса түрк тилинен алынып “Колбаси-өзгөчө ыкмада жасалган эт”- деген сөздөн келип чыккан. Алгач качан, кайда пайда болгону ушул күнгө чейин талаш жаратып, белгисиз бойдон калууда. (Мисалы, Россияда алгач 17-кылымда колбаса даярдоочу цехтер ачылган.) Аталган азыктын бир нече: ышталган, кайнатылган, туздалган, анча туздалбаган ж. б. түрлөрү болот.

Мурдатан колбаса арык малдын калдык этинен, чарымдардан, ар кандай кошулмалар кошулуп жасалаары айтылат. Бирок эмне деген кошулма, кандай ыкма менен жасалаары белгисиз бойдон. Акыркы убактарда “халал” делген колбасаларга суроо-талап жогору. Бирок ошолор даана халал экенинен күмөн санагандар четтен чыгат. Ошол эле чочконун эти кошулуп жасалган колбаса цехинде, ошол эле чарага, идиш-аякка адал делинип халал колбасалар жасалат. Ошондуктан ал жерде жасалган колбасаларды адал деп жегенге болбойт. Чочко эти арам болгондуктан, анын этин кескен бычак менен кесилген азык да арам болуп каларын көпчүлүк биле бербейт. Андыктан халал азык жасаган ар бир инсандын динден кабары болушу керек, ал азык адал союлган эттен жасалганы далил болуп, курамы нукура азыктан, спирттик кошулмасы жок, химиялык эмес табигый кошулма болгон болсо, гана адал болуп саналат. Бүгүнкү күндө дүкөн текчелеринен жүз пайыз эттен жасалган курамында химиялык кошулмалары жок колбасаларды кездештирүү кыйын. Көбүнчө түрдүү, ден-соолукка зыян тийгизген, курамында аралаштыруу учурунда майдаланып кеткен сөөк жана кемирчектер бар, сапаты начар колбасалар болууда. Алар онкологиялык ооруларды, анын ичинде артрит, инфаркт, ашказан, ичеги жаралары жана гепатиттин жаралышына себепкер. Негизи кандай азык болбосун, ар кандай химиялык кошулмаларды кошпой, накталай жасалса организмге сиңимдүү, пайдасы көбүрөк болот. Колбасаны сатып аларда анын сапатына, сактоо мөөнөтүнө көңүл бөлүү керек, колбасанын сырткы кабыгы таза, эч кандай дефектиси жок болуусу кажет.

Айкүмүш Жолдошбекова

Булак: «Айгай-пресс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 89 + = 91

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: