“Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев коронавирусту жуктуруп алды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештен өздүк булактар билдиришти.
Алардын айтымында, аны менен байланышта болгон адамдар такталууда. Буга чейин Бакыт Төрөбаев өзү парламентте бир айга чейин отурган эмес.
Белгилей кетсек, буга чейин “Кыргызстан” фракциясынын мүчөсү Бейшеналы Нурдинов коронавирус жуктуруп алган. Ал Дастанбек Жумабековдон башка дээрлик бардык кесиптештери менен байланышта болгон.
Ошондой эле, “Өнүгүү-Прогресс”, “Бир Бол” жана “СДПК” фракцияларында вирус жуккандыгы кабарланган. Бирок “Бир Бол” фракциясы бул маалыматты четке какты.
18-июнда Жогорку Кеңештин басма сөз катчысы Ибраим Нуракун уулу коронавируска кабылып, учурда дарыланууда. Ал Жогорку Кеңештин аппаратындагы коронавирус жуктурган үч кызматкердин бири.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ