Акин Токталиев Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын башчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу журналисттерге Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 13-ноябрда жаңы директор кесиптештерине тааныштырылды.
Буга чейин мамлекеттик комиссияны Зайырбек Эргешов жетектеп келген.
Белгилей кетсек, Акин Токталиев президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаровдун сот отурумдарында коомдук жактоочусу болгон.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ