Жол кырсыгына кабылган ырчы Асел Кадырбекованын акыбалы оор бойдон калууда. Бул тууралуу ырчы айымдын жолдошу Нурлан Насип Instagram социалдык тармагындагы баракчасына жазды.
Ырчы мырза ошол менен биргеликте кайрылуу жасап, жубайы тууралуу такталбаган маалыматты таркатуудан алыс болууга чакырган.
“Журналисттерден, достордон суранаарыбыз такталбаган маалыматтарды таркатпай туруңуздарчы.. Бир гана жаратканда суранып, дуа кылып туралы. Азыркы пандемияга байланыштуу топтолбогонго чакырып жатат дарыгерлер. Ооруканага келүүнүн кажети жок” – деп жазган Нурлан Насип.
Белгилей кетсек, 26-июнда болжол менен саат 15:30да Бишкектеги Медеров жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде “Хонда Одиссей” жана “Тойота Камри” үлгүсүндөгү жеңил автоунаа сүзүшүп, 3 адам жаракат алган. Жабыркагандардын арасында ырчы Асел Кадырбекова да болуп, оор абалда ооруканага жеткирилген.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ