Menu

Казакстан 4-апрелден тартып Кыргызстан, Кытай, Россия жана Өзбекстан менен чектешкен аймактардагы көзөмөл пункттарын жабат

Бөлүшүү:

2020-жылдын 4-апрелинен тарта Казакстан Кыргызстан, Кытай, Россия жана Өзбекстан менен чектешкен аймактардагы көзөмөл пункттарын жабат. Бул маалыматты Zakon.kz басылмасы Чек ара кызматына шилтеме берүү менен жарыялаган.

Өткөрмө пункттунун жабылышына Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 30-мартындагы № 155 “Казакстан Республикасынын Мамлекеттик чек арасынын айрым участокторундагы автоунааларды өткөрүү пункттарын убактылуу жабуу жөнүндө” токтому себеп болду.

Маалыматка караганда, Кыргызстан менен Казакстандын мамлекеттик чек арасындагы убактылуу жабыла турган пункттар:

Жамбыл облусу: Аухатты, Кордай, Сыпатай батыр, Сартобе.

Алматы облусу: Кеген.

Кытай менен Казакстандын мамлекеттик чек арасындагы убактылуу жабыла турган пункттар:

Алматы облусу: Көлжат.

Чыгыш Казакстан облусу: Бахты, Майкапчагай.

Россия менен Казакстандын мамлекеттик чек арасындагы убактылуу жабыла турган пункттар:

Костанай облусу: Кондыбай, Акбалшык.

Түндүк Казакстан облусу: Кызыл Жар.

Павлодар облусу: Найза.

Чыгыш Казакстан облусу: Жезкент, Байтанат, Коянбай.

Батыш Казакстан облусу: Орда, Шаган.

Актөбе облусу: Карашатау.

Өзбекстан менен Казакстандын мамлекеттик чек арасындагы убактылуу жабыла турган пункттар:

Түркестан облусу: Целинный, Сырдарыя.

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 6 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: