Menu

Москвада каза болгон 21 жаштагы кыргыз жигиттин сөөгү мекенине жөнөтүлдү

Бөлүшүү:

Москвада поездге сүйрөлүп каза болгон 21 жаштагы кыргыз жаранынын сөөгү мекенине жөнөтүлдү. Бул тууралуу Москвадагы Кыргыз диоспарасынан кабарлады.

“Бүгүн 9- октябрда маркумдун сөөгүн Москва-Ош авиакаттамы боюнча кыргызстанга жөнөттүк. Сөөктү жөнөтүүгө жардам берген Такси КG жана Такси 312 жамаатына, коомчулук өкүлдөрүнө ошондой эле айылдаштарына терең ыраазычылык билдиребиз. Маркумдун жакын туугандарына Москвадагы Кыргыз коомчулугунун атынан терең кайгыруу менен көңүл айтабыз”,- деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, 5-ноябрь күнү Москва шаарында 21 жаштагы кыргызстандык Улукбек Садырбай уулу жумушунан чыгып, темир жолдон өтүп бара жатканда поезд сүзүп кеткен. Ал “Тез жардам” кызматы аркылуу ооруканага жеткирилип, бирок кан көп кетип каза болуп калган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 62 − = 60

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: