Menu

Өзбекстанда тыңчылык үчүн соттолгон аялдын атасы Жогорку сотко арызданды 10 Сентябрь, 2017

Бөлүшүү:

Өзбекстанда Тажикстандын пайдасына тыңчылык кылууга күнөөлөнүп, 11,5 жылга түрмөгө кесилген Зульфия Халимованын атасы кызынын иши кайра кароо өтүнүчү менен Жогорку сотко кайрылды. Мухаммадносир Халимов кызы кыйноо алдында айыптоолорду моюнга алганын билдирүүдө.

– Кечээ кызыма жолугуп келдим. Кызым кыйноо алдында күнөөнү моюнга алганын айтты. Бүгүн мен Өзбекстан президенти менен Жогорку сотко арыз жаздым. Менин кызым саткын эмес, мен иштин кайра каралышын талап кылам, –деди Мухаммадносир Халимов.

Халимова тыңчылык жана мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү боюнча күнөөлүү деп табылып, 11,5 жылга кесилген.

Сырдарыя химиялык жылуулук электр станциясында оператор болуп иштеген 36 жаштагы Зульфия Халимованын иши аскер сотунда жабык эшик артында өткөн.

Анын атасы кызы акча табуу максатында Тажикстанда бир нече убакыт иштегени үчүн гана тыңчылыкка айыпталган деп эсептейт.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 91 − = 83

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: