Menu

Соцминистр сонуркап жата береби?

Бөлүшүү:

Өлкөдө социалдык абал элдики нөлдөн төмөн түшүп кеткенин тана албайбыз. Ал эми социалдык жактан өнүктүрүп жибермекчи болуп шымалана жеңин түрүнгөн министрлигибиз бар. Социалдык өнүктүрүү министрлиги деген.

Таалайкүл Исакунова аттуу кой оозунан чөп албаган момун кебетелүү айым жетектейт.

Аныгында килейген министрлик түзүп алып далайларга бюджеттен акча төлөп атабыз. Менин, сенин, анын салыгынын эсебинен.

Коомубузда болсо мектеп жашындагы өспүрүмдөр бүтүндөй бир үй-бүлөөнүн түйшүгүн моюнуна артып алып, оорукчан энесин, жерден боорун көтөр элек бир туугандарын багып жүрөт. Элди социалдык жактан өнүктүргүчтөр болсо өздөрү эле өнүкпөсө эч кимди өнүктүргөнүн көрбөдүк. Ушу тапта социалдык тармактарда кайыр сурап, же жашы жете электе оор жумушка тартылып, турмуштун тузун татып аткандар жайнап чыгып атат. Мына окуу жылы башталды, өлкөдө тартыш турмуштун айынан жүздөгөн балдар мектепке бара албай жатышкандары айтылууда. Бирок министрибиз баш, анын аппарат, кызматчы дегендери төш болуп мындайды деле таптакыр угушпайт. Кулактары керең болуп калганбы дейсиң. Басып барып абалын сурашпайт. ММК беттеринде, интернет желесинде социалдык тармактар аркалуу тарап жаткан тагдырлардын бирине да барып ооз эки абалын сурап койбой, креслолорунда майлуу жерлерин берч кылып эле олтурушат. Деги бизге ушундай «бүджеттик келемиштердин» кереги барбы өзү?

Булак: “Майдан.kg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 55 + = 59

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: