Menu

Видео – Өмүрбек Суваналиев, генерал: “Референдумда эл президенттик системаны тандайт, анткени Текебаев, Атамбаев, Жээнбековдор парламенттик системаны толук дискредитациялашты”

Бөлүшүү:

“Референдумда эл президенттик системаны тандайт, анткени Текебаев, Атамбаев, Отунбаева, Жээнбековдор парламенттик системаны толук дискредитациялашты” – деп билдирди кечээ, 18-декабрда генерал Өмүрбек Суваналиев 5 каналдын “Бешинчиде бешөө” аттуу программасында.

“Бүгүнкү күндө эмне үчүн Конституция иштебей жатат деп айтып жатышат. Анткени, башынан эле Текебаев Роза Отунбаева апчени таарынтпаш үчүн ага “устукан” берди, өткөөл мезгилдин президенттикти. Өзү спикер болорун билген, өзүнө парламенттик ыйгарым укуктарды алды. Атамбаевди президенттикке даярдашты, ага конституцияда күч структураларын: Генпрокуратура, УКМКны беритшти. Ошондуктан президент күчтүү болуп кетти. Алар алдын ала “бул Конституция иштебейт” деп ошондо эле чечим чыгарып коюшкан. Бул жерде үчөө тең (Текебаев, Отунбаева, Атамбаев) пайда көрдү. Шайлоодо уткан партия өкмөттү түзөт. Эмне себептен Отунбаева шайлоодо биринчиликти уткан “Ата-Журтка” берген жок? Атамбаевге берди. Референдумда президенттик башкаруу 100% өтөт. Анткени, алар парламенттик системаны толук дискредитациялашты” – деди генерал Суваналиев.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 72 − 67 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: