Соода сатыкта, жарнамада өзүбүздүн улуттук валютабызды колдонушубуз керек. Бул тууралуу бүгүн, 4-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жыргалбек Турускулов билдирди.
“Өлкөбүздүн экономикасында көпчүлүк финансылык операциялар доллар менен жүргүзүлүп жатат. Өзүбүздүн улуттук валютабыз бар. Бардык ишти сом менен жүргүзүш керек. Биз билебиз, 2016-жылы өкмөттүн токтому чыкканда жакшы иш башталган. Соода сатыктар биздин сомго жазылып баштаган. Бирок көзөмөл жоктугунан улам бүгүнкү күндө АКШ долларына жарнамасы, соода сатыгы дагы жүрүп жатат. Ошондуктан бул ишти, маселени көзөмөлгө алышыңыздар керек. Биздин коңшу өлкө Россия, Казакстанды алсак, алар өзүнүн улуттук валютасына көзөмөл салып, мыйзамын аткарылышына жакшы чара, иштерди алып барып жатышат”, – деди депутат Турускулов.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ