БУУнун адам укуктары боюнча өкүлү Зейд Раад аль-Хусейн Мьянмадагы рохинжа-мусулмандарына каршы зомбулук операцияларын айыптады.
Анын айтымында, кырдаал энтикалык тазалоолор боюнча окуу китептериндеги мисалдардай көрүнүүдө.
Бириккен Улуттар Уюмунун Женевадагы Адам укуктары боюнча кеңешинде сөз сүйлөгөн Зейд Раад аль-Хусейн 270 миңден ашык рохинжа мусулманы үйлөрү өрттөлүп, сотсуз жазалана баштаганда Бангладешке качууга аргасыз болгонун белгиледи.
Ал Мьянма өкмөтүн аскердик операцияны токтотууга, күнөөлүүлөрдүн бардыгын жазалоого жана мындан ары рохинжа калкына карата кеңири жайылган басмырлоо тенденциясын токтотууга чакырды.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ