Чүй ОИИББнин кызматкерлери ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда Сокулук районунун 58 жаштагы жашоочусу “ИЖ” үлгүсүндөгү ок атуучу куралын өз ыктыяры менен тапшырган. Бул туралуу ИИМдин басма сөз кызматы маалымады.
Андан тышкары, 9-сентябрь күнү 30 жаштагы Панфилов районунун жашоочусу 16-калибрдеги ок атуучу куралды тапшырып, ал атасынан калганын билдирген.
Кошумчалай кетсек, ИИМдин эскертүүсү боюнча, эгерде жаран ок атуучу куралды өз ыктыяры менен тапшырса, кылмыш жоопкерчилигине тартылбайт.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ