Menu

Бишкекте Өкмөт үйүнүн жанында “Түндүк электр” ААКнын кызматкерлери кайрадан митинг өткөрүп жатышат

Бөлүшүү:

Бүгүн, 11-ноябрда Бишкекте Өкмөт үйүнүн жанында “Түндүк электр” ААКнын кызматкерлери кайрадан митинг өткөрүп жатышат.

Маалыматка ылайык, тынчтык митингине 100гө жакын адам катышууда. Алар плакаттарды көтөрүп алышкан. Плакаттарда бир нече жазуулар бар – “Иш билген адистер дайындалсын”, “Биз акыйкаттуулукту талап кылабыз”, “Энергетика эксперимент талаасы эмес”, “Тажрыйбасы жок шопур башкы инженер боло албайт”.

Митингчилер компаниянын иштен алынган директору Доскул Бекмурзаевди кайтарып берүүнү талап кылышууда.

Буга чейин “Түндүк электр” ААКнын кызматкерлери нааразычылыгын билдиришкен. Аларга өкмөттүн өкүлү чыгып, компаниядагы кадрдык өзгөрүүлөрдү талкуулоо үчүн комиссия түзүүнү убада кылган. Бирок кийинчерээк комиссияны эч ким түзбөгөнү белгилүү болду.

Эскерте кетсек, 28-октябрда “Түндүк электр” ААК Директорлор кеңешинин чечими менен Доскул Бекмурзаев Акционердик коомдун башкы директорунун кызматынан бошотулган. Улан Астаркулов “Түндүк электр” ААКнын жаңы жетекчиси болуп дайындалган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: