Menu

Чыныбай Турсунбеков менен Валентина Матвиенко ЖМК өкүлдөрүнүн суроолоруна жооп беришти

Бөлүшүү:

4-июлда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков менен Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын Федерация Кеӊешинин Төрайымы Валентина Матвиенко жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү үчүн маалымат-жыйын өткөрдү. Бул туурасында Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы билдирет.

Белгилей кетсек, В.Матвиенко Кыргыз Республикасындагы иш сапарынын алкагында Жогорку Кеӊештин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков менен жолугушуп, Ысык-Көлдүн жээгинде өтүп жаткан “Шериктештик балдары” эл аралык маданий-билим берүү форумуна да катышты.

Аталган иш-чаранын жыйынтыгы боюнча журналисттердин суроолорун жооп берген В.Матвиенко Жогорку Кеӊештин демилгеси менен өткөрүлгөн форум олуттуу долбоор экенин белгилеп: “Бул долбоор бизди байланыштырган достук жана боордоштук мамилелерди сактоо аркылуу, жаш муундарга өтө маанилүү болгон маданияттар аралык байланыштарды чыӊдоого багытталган”, – деди.

Ал эми Евразиялык экономикалык бирдиктин ишмердүүлүгүнүн болжолдуу жыйынтыктарына токтолгон Төрага Чыныбай Турсунбеков бул маселе ЕАЭБге кирген мамлекеттердин башчыларынын көӊүл борборунда турганын маалымдады. Ошондой эле РФ ФЖ Мамлекеттик Думасынын Төрагасы Вячеслав Володиндин Кыргызстандагы иш сапарын эске салып, анда да аталган экономикалык биримдиктин ишмердүүлүгү талкууланганын билдирди. “Биз ЕАЭБ ишмердүүлүгүнүн жакшы жыйынтыктарын көргөнүбүздө өтө кубанабыз, а эгер көйгөйлөр бар экенин байкасак, абалдан чыгуу жолдорун изилдеп, талкууга алабыз”, – деген Төрага Чыныбай Турсунбеков, кыргыз тарап фитосанитардык жана ветеринардык көзөмөл, андан тышкары лабораторияларды ачуу сыяктуу бир катар маселелерди чечүү керектигин кошумчалады. “Бирок, биз бул биримдикке альтернатива жок жана болушу да мүмкүн эмес деп эсептейбиз”,- деди ал.

Өз кезегинде В.Матвиенко Кыргыз Республикасынын ички дүӊ продукциясынын көлөмү өткөн жылы 3,7 пайызга өссө, өндүрүштүн өсүшү 3,8 пайызды түзгөнүн айтып: “Кыргызстанда бүгүн инфляциянын көрсөткүчү нөлдүк даражада. Бул эӊ жакшы макроэкономикалык көрсөткүч жана экономикалык өсүш да жаман эмес. Андыктан, мындай көрүнүш дагы да уланат деген ишеничтемин”, – деп, ал мындай жагымдуу натыйжалар өлкө башчысынын жана кыргызстандыктардын аракетинин, айрыкча ЕАЭБдин үзүрү экендигин да баса белгиледи.

ЖМК өкүлдөрү В.Матвиенконун иш сапарынын болдолдуу жыйынтыктары тууралуу суроолорун узатышты. Буга жооп катары Россия Федерация Кеӊешинин Төрайымы сапардын алкагында уюштурулган жолугушууларда келечекке бир катар пландар коюлганын маалымдап: “Биз лидерлерибиздин жардамы менен стратегиялык жогорку деӊгээлге жеткен   мамлекеттер аралык мамилелерди чыӊдоого чоӊ салым кошуудабыз. Айрыкча, маданий-гуманитардык жана билим берүү чөйрөлөрүндөгү байланыштарды кеӊейтип, бирдиктүү укуктук алкакты түзүүгө багытталган мыйзамдарды шайкеш келтирүү ишине өтө маани берүүдөбүз”, – деп билдирди.

Андан тышкары, иш сапардын алкагында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев жана Жогорку Кеӊештин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков менен жолугушканын айткан В.Матвиенко, анда эки тараптуу кызматташтыкка тиешелүү бир катар маселелер боюнча сүйлөшүүлөр болгонун маалымдады. “Чыныбай Турсунбеков менен болгон жолугушуу – бул достордун жолугушуусу, кызматташтыктын өнүгүшүнө чын дилден кызыкдар адамдардын кездешүүсү. Биз Евразиялык экономикалык биримдик алкагындагы жетишкендиктерди карап олтуруп, бир биримдикке биригүүнү көздөп, биргелешип иш алып барган беш мамлекеттин лидерлеринин саясий чечими өтө туура болгонун байкадык”, – деди В.Матвиенко.

Ал эми наркотрафик жана терроризм сыяктуу заманбап чакырыктарга каршы биргелешип күрөшүү маселесине байланышкан суроолорго жооп берип жатып, тараптар Жаматтык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун (ЖККУ) алкагындагы иштердин маанилүүлүгүнө токтолушту.

Андан тышкары, Ч.Турсунбеков менен В.Матвиенко КМШга кирген өлкөлөрдүн мыйзамдарын имплементациялоо иши тууралуу кеп козгоп, бул иштер КМШ Парламенттер аралык ассамблеясынын негизги багыттарынын бири экенин жана улуттук мыйзамдарды шайкеш келтирүү үчүн маанилүү рол ойногон үлгү мыйзамдарды кабыл алуунун зарычылыгын баса белгилешти.

Белгилүү болгондой, КМШ Парламенттер аралык ассамблея түзүлгөндөн бери 500дөн ашуун үлгү мыйзамдар жана башка документтер кабыл алынган. Ал эми имплементациянын орточо көрсөткүчү 85 пайызды түзөт. Төрага Чыныбай Турсунбеков 85 пайыз жетиштүү көрсөткүч экендигин белгиледи.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: