Бул тууралуу 23-январда америкалык лидердин билдирүүлөрүнө байкоо жүргүзгөн Factbase порталы билдирди.
Дональд Трамп Швейцариянын Давос шаарындагы бүткүл дүйнөлүк экономикалык форумга катышып жатып, эртеден кечке өзүнүн Twitter баракчасына 142 кабар, ой-пикирлерин койгон, ошондо АКШ президенти ар бир 88 секунд сайын жаңы нерсе жайгаштырып турган. Мурунку рекордун 2019-жылдын декабрында жасаган, анда 123 ар кандай нерселерди жайгаштырган.
Аңгыча АКШнын Конгресс Сенатында Трампка импичмент жарыялоо алкагында процесстер жүрүүдө. Жогорку палата резолюцияны жактырып, эми Палатадагы демократтар үч жумушчу күндүн аралыгында импичмент үчүн бардык далилдерин келтирүүгө тийиш. Андан соң 16 сааттын аралыгында сенаторлордун суроо-жоопторуна убакыт берилет. Андан соң төрт саат дебаттар болот, ошондон кийин күбөлөр чакыртылып, кошумча документтер суралышы мүмкүн. Эгерде күбөлөр чакырылбаса, айыптоонун эки беренеси: бийликти кыянаттык менен пайдалануу жана Конгресс өткөргөн иликтөөгө тоскоолдук жаратуу боюнча добуш беришет.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ