Каракалпакстандагы райондордун биринде сугат суусуз калган жашоочулар беш саатка магистралдык жолду тосушту.
20-июлда Беруний районундагы үч айылдын 500гө жакын тургуну А-380 магистралдык жолун дээрлик беш саатка тосушту. Алар жашоочулардын короолорундагы жер тилкелерге суу берилбей, ошол эле маалда район башчысынын күрүч талаасы сугарылып жатканына нааразы болушкан.
– Аким суунун баарын туугандарынын атына жазылган 1000 гектарлык күрүч талаасына буруп, карапайым элдин айдоо жерлерин суусуз калтырды. Биздин жол тосуудан башка аргабыз калган жок. Эртең менен адамдар Орусияга бара турган магистралдык жолго топтолуп, саат 11де трассаны толук тосушту. Жолдун эки тарабында жүздөгөн автоунаанын тыгыны жаралды», — деди Касымбай Батыров аттуу жергиликтүү тургун.
Анын айтымында, тургундар жолду саат төрттө — райондун акими Атабек Сапарбаев келип, аларга суу берүүнү убадалагандан кийин ачышкан. Ошол эле күнү кечке жакын үч айылдын тургундарына сугат суусу берилген.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ