Menu

АКШ менен Орусия стратегиялык куралдарды кыскартуу боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрөт

Бөлүшүү:

Кошмо Штаттар менен Орусия стратегиялык куралдарды кыскартуу боюнча 2010-жылы кол коюлган келишим тууралуу эксперттик деңгээлде сүйлөшүүлөрдү баштоого ниеттенүүдө.

Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябков АКШнын мамлекеттик катчысынын орун басары Томас Шэннон менен 12-сентябрда Хельсинкиде жолуккандан кийин орусиялык маалымат агенттиктерине тараптар бул келишимди иш жүзүнө ашыруу боюнча макулдашканын билдирген.

Стратегиялык куралдарды кыскартуу чаралары тууралуу келишимге ылайык, тараптар өзөктүк дүрмөттөрдүн санын 1550гө чейин түшүрөт, ал эми ракеталык системалар 800 даанадан ашпашы керек. Бул Москва менен Вашингтон ортосундагы чыңалууларга карабай сакталып жаткан азын-оолак келишимдердин бири.

Кошмо Штаттар буга чейин Орусияны орто жана кыска аралыктагы ракеталарды жок кылуу боюнча келишимдерди бузууга айыптаган. Өз кезегинде Москва курал плутониясын утилизациялоо боюнча келишимден чыгарын айтып опузалаган.

Рябков Шэннон менен жолугушуудан кийин айдын башында жабылган Сан-Францискодогу башкы консулдукту жана Штаттардагы орусиялык эки соода өкүлчүлүктү кайтаруу боюнча маселени козгоонун маңызы жок экенин айткан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: