Мамлекеттик ЖМКларга бюджеттен бөлүнгөн каражаттын жалпы көлөмү боюнча маселени ЖК депутаты Дастан Бекешев айтып чыкты. Анын айтымында, жалпысынан мамлекеттик ЖМКларга бөлүнгөн каражат 613 миллион сомду чапчыйт.
Жылына: КТРКга 396 миллион, ЭЛТРге 101 миллион, областтык телеканалдарга 80 миллион, МИР телеканалына 34 миллион сом, “Кабар” маалымат агенттигине 20 миллион сом бөлүнөт. Депутат булардын ичинен “Кабарга” кеткен каражат өзүн актабай жатканын, бул сайттын окурмандары аз экенин айтып, сынга алды.
Булак: «Багыт»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ