Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиевдин соңку учурдагы кылыктары кокого жетип кетти. Мындай «чала чиновникти» ордуна коё турган мезгил келди. Буга чейин аталган облуста журналисттерге куугунтук жасаганы, сөз эркиндигине шек келтирүүгө барганы бүтпөй жатып, аз күн мурда энесине катталган «Азия» деген кафедеги чырга не дейбиз? 7-канал аталган кафенин санитардык начар абалын тартып атса, ошол жерди тейлегендер журналисттерге кол көтөрүшүп, ыплас аракеттерге барышыптыр. Кыянбек ушунчалык да дөөпөрөс болобу? Эл аралык коомчулукта, демократия аралында калемгерлерге сый-урмат менен мамиле жасалат эмеспи. Мунун чектен чыкканын кантебиз эми? А баса, 7-канал азыр ажонун кеңешчиси Икрамжан Илмияновго караштуу да, дал ушул жагы татаалдашат го? Кыянбектин «өпкөсүн» Икрам мырза сөзсүз үзөт окшойт. А болбосо намыс өлбөйбү? Мыйзам, этикалык нормалар жагынан да губернатор итгик кылганына деги баа берилеби?..
Булак: “Азия Ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ