Menu

Өзбекстан рохинжа мусулмандарына гуманитардык жардам жиберет

Бөлүшүү:

Өзбекстан өкмөтү Мьянмадагы зомбулуктан жабыркап, Бангладешке качууга мажбур болгон рохинжа мусулмандарына гуманитардык жардам жиберет.

Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги Мьянмада азчылыкты түзгөн мусулмандарга карата зомбулук жасалып жаткандыгы тууралуу маалыматтарга кабатырлануусун билдирип, өлкө бийлигин аны токтотуу үчүн бардык зарыл чараларды көрүүгө чакырды.

Калкынын басымдуу бөлүгүн буддисттер түзгөн Мьянманын Ракхайн штатындагы кыянатчылыктардан улам ал жерде жашаган рохинжа мусулмандарынын Бангладешке качуусу 25-августта башталган.

Мьянманын өкмөтү кыянатчылыктын тутанышы үчүн рохинжа мусулмандарынан чыккан козголоңчуларды күнөөлөп, алар полиция бекеттери менен аскерий базага чабуул жасаганын жүйө келтирген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 7 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: