Menu

Астанага Сирия боюнча сүйлөшүүлөрдүн бардык катышуучулары келди

Бөлүшүү:

Астанага Сириядагы абалды жөнгө салуу боюнча тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн кезектеги айлампасына катыша турган бардык тараптар, анын ичинде куралдуу сирия оппозициясынын өкүлдөрү дагы келишти. Бул тууралуу Казакстандын Тышкы иштер министрлигине шилтеме кылып жергиликтүү ММКлар билдиришти.

Кечээ Астанада сүйлөшүүлөргө кепил өлкөлөр катары катышып жаткан Орусия, Иран жана Түркия өкүлдөрүнүн катышуусунда жыйын өттү.

«Казакстандын борборуна сүйлөшүүлөргө катышып жаткан бардык тараптардын өкүлдөрү келишти. Анын ичинде 24 кишиден турган куралдуу сирия оппозициясынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү дагы бар», — деп билдирди Казакстан ТИМи.

Андан тышкары Астанага БУУнун баш катчысынын Сирия боюнча атайын өкүлү Стаффан Де Мистуранын келгени дагы кабарланууда. Америкалык делегацияны АКШнын мамлекеттик катчысынын жакынкы чыгыштагы абалды жөнгө салуу боюнча жардамчысы Дэвид Саттерфилд, Иорданиянын делегациясын ал өлкөнүн тышкы иштер министринин саясий маселелер боюнча кеңешчиси Науаф Уасфи Тель баштап келди.

Сириядагы абалды жөнгө салуу боюнча тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн алтынчы айлампасы 14-15-сентябрь күндөрү өтөт.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 60 = 68

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: