Menu

Жогорку Кеңеште курулушу бүтө элек мектептер, ФАПтардын абалы сыяктуу социалдык көйгөйлөрдүн чечилиши талап кылынды

Бөлүшүү:

Бүгүн, 14-сентябрда Жогорку Кеңештин “Ар түрдүү маселелер” саатында социалдык мекемелердеги көйгөйлөр, спортчуларды колдоо, ГМО камтылган азыктар боюнча маселелер көтөрүлдү. Бул туурасында Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирет.

Депутат Алмасбек Акматов буга чейин “Ар түрдүү маселелер” саатында Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Таш-Дөбө айылындагы бала бакча 1 гектар жери менен текейден арзан баага сатылып кеткенин көтөргөн эле. Бул ирет депутат КР Өкмөтү менен Башкы прокуратурасынын ыкчам аракетинин негизинде аталган бала бакча элге кайтарылганын айтып, тиешелүү жактарга ыраазычылыгын билдирди.

Айсулуу Тыныбекова, Айпери Медет кызы, Акжол Мааткулов өңдүү балбандар эл аралык деңгээлде ийгиликтерди жаратышты. Бул машыктыруучулардын талбаган эмгегинин жана КР Өкмөтүнүн колдоосунун натыйжасы. Мындай пикирин билдирген депутат Тазабек Икрамов алдыда Ашхабадда (Түркмөнстан) боло турган Азия биринчилигинде дагы кыргыз спортчулары Кыргызстандын намысын коргой тургандыгын айтып, аткаруу бийлигин спортчуларды колдоону улантууга чакырды.

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Ак-Тал айылына Нарын дарыясы аркылуу өтөт. Жаз алды менен бул айылга өтө турган көпүрө кооптуу абалга кептелип, каттоо токтотулган. “КР Өкмөтү 1-сентябрга көпүрөнү калыбына келтиребиз деп убада кылды эле, бирок көпүрө бүтө элек. Эл кыйналып кетти”,- дейт депутат Камчыбек Жолдошбаев.

Депутат Аида Касымалиева Ош облусунун Өзгөн районундагы Кароол айыл өкмөтүнүн Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу жайгашкан имарат капиталдык ремонтко өтө муктаж экенин Өкмөттүн астына койду. Эл өкүлүнүн айтымында, бул аймактагы ФАПтардын абалы дагы жакшы эмес.

“Жерүй” алтын кенинин эсебинен курулуп жаткан жүз мектептин айрымдары курулушу башталып, бүтпөй турат” деген депутат Гүлкан Молдобекова Талас облусунун Талас районундагы мектептерди мисалга тартты. “Бул мектептерге каражат бөлүүгө тыкыр көзөмөл кылуу керек”,- дейт депутат.

Мыдай көйгөйдү улаган депутат Таалай Масабиров Жалал-Абаддын Базар-Коргон районундагы Акман айыл аймагындагы бала бакчанын котлованы казылган бойдон токтоп калганын айтты. Ошондой эле депутат бул аймактагы Жараке, Кош-Коргон, Жаңы-Акман айылдарында таза суу менен камсыз кылуу боюнча иштер токтоп турганын кошумчалады.

“Кумтөр” кенин иштетүүдөгү рекультиватициялоого багытталган каражаттар Кыргызстанга келе тургандыгына токтолгон депутат Экмат Байбакбаев: “Бул каражаттар “Айылбанк” банкында сакталышы керек”,- дейт. Ошону менен катар Э.Байбакбаев азык-түлүк коопсуздугу маселелери боюнча бизде гендик-модификацияланган организмдерди (ГМО) аныктоочу лабораториялар барбы деген суроону кабыргасынан койду. Анын пикиринде, курамында ГМО камтылган азыктарга өтө кылдаттык менен мамиле кылуу керек. “Бул келечек урпактарга таасир эте турган жагдай. Курамында ГМО камтылган баардык арзан продукциялар биздин өлкө үчүн болуп жаткандай. Биз ГМОнун таштандысында калып калбайлы”,- деген тынчсыздануусун ортого салды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 61 − = 54

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: