Сапар Исаков кол койгон буйрукка ылайык «Чүй облусундагы жаш майыптар Союзу» Коомдук бирикмесине мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында атайын бөлмө бөлүнүп берилди. Бул туурасында өкмөттүн расмий сайты жарыялады.
Жалпы аянты 362 кв.м. түзгөн бөлмө Чүй облусунун Сокулук районунун Сокулук айылында жайгашкан. Үч жылга чейинки акысыз убактылуу пайдалануу келишиминин шарттарына ылайык пайдаланууга берилди.
Чүй облусундагы жаш майыптар Союзунун төрагасы Эрнис Мыктыбек уулунун маалыматында, учурда «Аракет» устканасы иштеп, ал жерде 15 мүмкүнчүлүгү чектелген бала жыгачтын түрлөрүн кесип түрдүү буюмдарды жасашат. Мындан сырткары тигүү цехтерин иштетүүнү да пландап жатышат. Ушул эле бөлмөдө майыптардын коляскаларын оңдоо жана гуманитардык жардамдарды таратуу иштери да жүргүзүлөт.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ