Menu

2017-жылдын отябрына чейин Кыргызстандын аймагында

Бөлүшүү:

Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, соцфонддун төрагасы Теӊизбек Абжапаровдун айтымында, Социалдык фонддун 2018-жылга бюджетинин долбоору кирешелер боюнча 51 млрд 868 млн сом көлөмүндө каралууда. Ал эми 2019-2020-жылдарга божомол 53 млрд 207 млн сом жана 55 млрд 545 млн сом көлөмүндө түзүлүүдө. Бул тууралуу Соцфонддун төрагасы Теӊизбек Абжапаров Социалдык фонддун 2018-жылга бюджетинин долбоорун жана 2019-2020-жылдарга болжолун талкуулоого арналган парламенттик угуу жүрүшүндө билдирген.

2018-жылы камсыздандыруу төгүмдөрүнүн түшүшү эмгек акы төлөө фондунан 27,25 пайыз камсыздандыруу төгүмдөрүнүн ченинен улам аныкталып, алардын 23 пайызы Пенсиялык фондго, 2 пайызы Мамлекеттик топтомо пенсиялык фондуна, 2 пайызы Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна, 0,25 пайызы Эмгекчилердин ден-соолугун чыңдоо фондуна чегериле турганы белгилүү болду.

2018-жылы камсыздандыруу төгүмдөрүнүн түшүшү – 29 млрд 536 млн сом.

Акциялар боюнча дивиденддерден, акча калдыгына эсептелген пайыздардан, убактылуу бош акча каражаттарды жайгаштыруу кирешелеринен, туумдар менен айыптар сындуу дагы башка кирешелерден түшчү каражат – 188 млн сом.

Республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттар – 19 млрд 852 млн сом, анын ичинде убактылуу карызга алынган акча каражаттар – 263 млн сом.

Пенсиялык фонддун кирешелери жыл башындагы калдыкты кошуп эсептегенде – 47 млрд 262 млн 528 миң сом. Каражаттардын жыл башындагы калдыгы – 1 млрд 509 млн сом.

Бюджет долбоорунда пенсияларды жогорулатууга 516 млн сом көлөмүндө каражат каралууда.

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна 2 млрд 191 млн сом, анын ичинде камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздарды тындырууга 64 млн сом багытталат.

Келерки жылы Мамлекеттик топтомо пенсиялык фондуна камсыздандыруу төгүмдөрүнүн түшүүлөрү 1 млрд 440 млн сом өлчөмүндө каралууда.

2018-жылы инвестициялоодон 1 млрд 723 млн сом киреше түшүүгө тийиш.

Пенсиянын топтомо бөлүгүн төлөөгө 125 млн сом жумшалмакчы.

Ал эми бюджет профицити 1 млрд 236 млн сом өлчөмүндө белгиленүүдө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: