Menu

Алмазбек Атамбаев Россиянын Президенти Владимир Путин менен жолугушту

Бөлүшүү:

Алмазбек Атамбаев кечээ, 14-сентябрда Россия  Федерациясына жасаган жумушчу сапарынын алкагында Сочи шаарында Россиянын Президенти Владимир Путин менен жолугушту. Бул туурасында президенттин расмий сайты жарыялады.

Президент Алмазбек Атамбаевди кабыл алып жатып Владимир Путин  эки мамлекеттин өз ара кызматташуусунун актуалдуу маселелерин талкуулоо мүмкүнчүлүгүнө кубанычта экендигин белгиледи.

«Биздин  жолугушууларыбыз үзгүлтүксүз өтүп жатат. Бул жакшы, анткени бизде сүйлөшчү иштерибиз арбын. Мамилелерибиздин, өз ара аракеттенишүүбүздүн  көлөмү өсүп жатат, ошондуктан оперативдүү талкууну талап кылган актуалдуу маселелер ар дайым бар»,-деп Россиянын лидери  өлкөлөр ортосунда товар жүгүртүү өсүп жаткандыгын, дээрлик баардык багыттарда жылыш бар экендигин кошумчалады.

Владимир Путин белгилегендей, Кыргызстан Евразия экономикалык бирлигине кошулгандан бери  бирикменин башка  катышуучулары менен экономикалык байланыштар активдешип жаткандыгы байкалат. «Бул жакшы жышаандар, бирок биз  айрым бир маселелерди абдан дыкаттык менен карап чыгышыбыз керек»,-деди  ал.

Мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев  эки тараптуу кызматташуу маселелерин талкуулаганга мүмкүнчүлүк түзүлгөнүнө кубанычта экендигин белгиледи.

“Эки тараптуу маселелерди талкуулоонун ар бир мүмкүнчүлүгү – абдан маанилүү. Мен кубанычтамын, аны жашыргым да келбейт, анткени ар дайым колдоо табам. Өткөндө Москвадагы жолугушууда  биз  мигранттар үчүн айдоочулук күбөлүктөр жана башка маселелерди талкуулаганбыз. Мунун баары чечилип жатат. Менин Президенттик мөөнөтүмдүн акырына чейин ушул сыяктуу көптөгөн маселелерди чечсек деп ойлойм. Декабрь айына чейин дагы бир нече жолугушуубуз бар экендигине кубанычтамын. Өлкөлөрүбүздүн ортосундагы биз жетишкен деңгээлди дагы жогорулатып, мындан ары  өнүктүрүү үчүн бардык күч аракетти жумшашыбыз  керек деп ойлойм”,- деди Алмазбек Атамбаев.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + = 14

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: