Октябрь РИИБне Бишкек шаарынын жашоочусу арыз менен кайрылып, 2017-жылдын 16-декабрь күнү болжол менен саат 20:30 чамасында Бишкек шаарынын Элебаев көчөсүнөн болжол менен 18-20 жаштагы белгисиз адам коркутуу менен баасы 12 000 сомдук уюлдук телефонун күч колдонуп тартып алган. Андан соң, окуя болгон жерден изин жашырып качып кеткен. Бул туурасында Бишкек ШИИББнин Басма сөз кызматы билдирет.
Октябрь РИИБнин кызматкерлери тарабынан көрүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын негизинде Чүй облусунун 18 жаштагы А.Т. аттуу жашоочусу кармалган.
Жогорудагы факты боюнча Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 167-беренеси (тоноо) менен кылмыш иши козголгон.
Кармалган жаран Бишкек ШИИББнин убактылуу кармоочу жайына жеткирилип, иликтөө иштери жүрүүдө.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ