Menu

Түндүк Корея Жапония менен АКШны кайрадан опузалоодо

Бөлүшүү:

Түндүк Корея БУУнун Пхеньянга каршы санкциялык резолюциясын колдогону үчүн Жапонияны “деңизге чөгөрүп”, Кошмо Штаттарды “күлгө” айлантуу үчүн өзөктүк курал колдонорун айтып коркутту.

Түндүк Кореянын тышкы байланыштары жана пропагандасы менен алектенген кореялык Азия-Тынч океан тынчтык комитети БУУнун Коопсуздук Кеңешин таркатууга чакырып, аны “балекеттин куралы” деп атады. Комитеттин билдирүүсүндө атомдук бомбанын натыйжасында төрт жапон аралы деңизге чөгүшү керектиги айтылат.

Түндүк Корея 3-сентябрда эң кубаттуу алтынчы өзөктүк сыносун өткөрүп, жапон аралдары аркылуу ракетасын учургандан кийин Түндүк Азияда чыңалуу күчөгөн. БУУнун Коопсуздук Кеңеши АКШ тарабынан даярлаган резолюцияны бир добуштан колдогон. Ага ылайык, Түндүк Кореянын четке текстиль экспорттоосуна толук бөгөт коюлуп, тыштан мунай импорттоосуна чектөө киргизилген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: