Menu

Роза Отунбаева: “Шайлоо боюнча Бегалы Наргозуевдин айткан сөзү катуу тийди, ал туура айтып жатат…”

Бөлүшүү:

Шейшемби күнү, 12-сентябрда борборубуздагы “Европа” мейманканасынын жыйындар залында жарандык коомдун өкүлдөрү жана саясатчылар биригип, азырынча шарттуу аталыштагы  “Таза шайлоосуз таза коом болбойт”  жарандык кыймылын түзүштү.  Кыймыл өзүнүн миссиясы катары – 15-октябрда өтө турган президенттик шайлоону таза өткөрүүгө көмөктөшүү, көзөмөлдөө максаттарын жарыялады.

“Бүгүн бул жерде биз бийликтен таза шайлоону талап кылып жатабыз.  Бийлик да таза шайлоону убада кылып жатат. Кыргызстанда мурда болуп көрбөгөндөй таза шайлоо системасын куруп салдык дешүүдө. Мисалга биометриканы пайдалануу менен добуш берүү системасын тартып, аны шайлоонун эң алдыңкы технологиясы катары айтышууда. Ушуга ишенген жарандарыбыз да бар. Бирок, 3-сентябрда бир топ жергиликтүү кеңештерге шайлоолор өттү, анын ичинен Кара-Суу шаардык кеңешке депутаттарды шайлоонун расмий эле жыйынтыктарын карап көргүлөчү,  СДПКга  добуштардын 65%ын беришиптир,  “Республика” менен “Өнүгүү” партияларын шаардык кеңештен  түртүп чыгарышып, бир да мандат беришкен жок. “Бир бол” партиясы Кара-Суу шаардык кеңешине 47 кандидатты тизмеге киргизип, активдүү шайлоо кампаниясын жүргүздү. Шайлоо аяктагандан кийин биометриканы пайдалануу менен эсептөө системасы “Бир бол” партиясына 13 гана жаран добуш берди деп жыйынтык берип жатат. Мындай болуу мүмкүн эмес да. Эгер шайлоодо чуркап жүргөн “Бир бол” партиясынын 47 кандидаты өздөрүнө өздөрү добуш бергенде эле 47 добуш алмак да. Аларды жубайлары колдосо эле 90дон ашык добуш берилмек. Андан сырткары аларды колдоп, үгүттөп чуркап жүргөн балдары, туугандары бар, агитаторлору бар. Ушулардын баары эле СДПКны жактырып калдыбы? СДПКга Ош облусунда кандай мамиле кылышарын элдин баары билет. Шаардык кеңештеги калган орундарды СДПКнын клондору “Кыргызстан” менен “Мекеним Кыргызстан” партиялары бөлүп алышыптыр. Мына, “биометриканы пайдалануу менен эсептеген эң таза шайлоо системасын куруп салдык” деп кыйкырган бийликтин жүзү. 15-октябрда өтө турган президенттик шайлоо да мына ушундай биометриканы пайдалануу менен өтөт жана бийлик каалаган жыйынтыкты чыгарып берет. Муну бөркүңөрдөй көргүлө. Анан ушундай шартта биздин таза шайлоону талап кылып билдирүү же кайрылуу жасаганыбыз кандай натыйжа берет? Бийлик аны тоотуп деле койбой өзүн-өзү билип, өтүгүн төргө илип жатпайбы? Андан көрө биз канткенде бийликти таза шайлоо өткөрүүгө мажбур кылабыз?  Ушунун механизмдерин талкуулабайлыбы? Канткенде таза шайлоо өткөрөбүз?  Нааразычылык акцияларына чыгыш керек дегендерге Эдил Байсалов сыяктуулар “туура эмес” деп жатышат. Анда кандайы туура болот?  Ошондуктан канткенде бийликти таза шайлоо өткөрүүгө аргасыз кылабыз дегенди талкуулабайлыбы, ошонун механизмдери барбы?”- деп суроо салды жыйында сөз сүйлөгөн экс-депутат Бегалы Наргозуев.

“Шайлоо боюнча Бегалы Наргозуевдин айткан сөзү катуу тийди, ал туура айтып жатат. Биз “оозубуз менен орок ооруп” эле кала беребизби? Биз канткенде таза шайлоо өткөрөбүз? Бийликтен талап кылып билдирүү жасап олтура бербей, коомду таза шайлоого мобилизациялай турган механизмдерди таап ишке киргизишибиз керек”, – деди Роза Отунбаева.

Булак: “Жаңы ордо”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: