Жалпыга маалым болгондой, 2017-жылы 23-сентябрда “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын кабыл алынышына 28 жыл толот. Бул туурасында мамлекеттик тил комиссиясынын басма сөз кызматы маалымдайт.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 22-сентябрындагы №358 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тилинин Күнүн белгилөө” жөнүндө Жарлыгына ылайык 22-сентябрда саат 10:00дө Т.Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында салтанаттуу иш-чара өткөрүлмөкчү.
Иш-чаранын расмий бөлүгү аяктаган соң маданий программа менен уланып, майрамдык маанай тартууланары күтүлүүдө.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ