“Силер ушул Солтонун жеринде суусун ичип, жерин жердеп жатканыңардан кийин Темир Сариевди колдошуңар керек”, – деп билдирди 14-сентябрда президенттикке талапкер Темир Сариевдин Кайыңды шаарындагы шайлоочулар менен жолугушуусунда аны коштоп жүргөн аксакал Сыргатаев Асан.
“Мен тарыхтан бир ооз сөз айтайын, Сариев Темирди айрымдар айтып жүрөт “саяк” деп, айрымдары айтып атат “казак” деп. Адегенде Тагай бий ушул Чүйдү ээлеген илгери. Ал эми Солтонун Жоочалыш деген баласынан ушул Бишкек. Ошондон тараган бул Темир экен. Жетинчи атасы Чаа. Чаанын тукуму. Мен муну айткан себебим, тектүүдөн бирдеме чыгат, тексизден эч нерсе чыкпайт. Мына, Акаевдин теги жок эле башкара албады, Бакиевдин теги жок эле башкара албады. Тегинде хан болсо элди башкарат. Мына ошентип жүрүп-жүрүп Темир Сариев бүгүн президенттикке коюп жатат. Бул Солтонун баласы. Өзүбүздүн бала. Эми Солтодон чыгыш керек да бирөө, илгерки чоң атасынын калдыктары калыш керек да. Ошондуктан ушул Солтонун элинде жашап жаткан эл, Чүй жеринде жашап жаткан эл ушул жердин суусун ичип жатат, абасын жутуп атат, данын жеп атат, ошондуктан өзүбүздөн чыккан балага кол көтөрүш керек, бирөөнү шайлаш керек. Чындыгында бирөө чыгыш керек да. Антпесе болбойт. Көбү эле тияктан келип атат, бияктан келип атат, анан ар бир элдин өзүнүн жергиликтүү кадрлары бар.Биздин ушул жергиликтүү кадрлар чыгып аткандан кийин муну колдош керек. Колдобосо болбойт. Айрымдар түбү тияктан, бияктан деп айтып жатышканынан мен силерге айтып берип жатам. Өзүбүздүн эле бала. Ошон үчүн биз Темирди колдошубуз керек. Силер ушул Солтонун жеринде суусун ичип, жерин жердеп жатканыңардан кийин Темирди колдогула”, – деди Сыргатаев Асан.
Булак: Кyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ