“Мен өзүм Солтонун Чаасынан болом. Эгерде биз Сары-Өзөн-Чүй эли, сырттан келгендер, Темир Сариевди жер каратпай, тике каратып, Темикени биз сүрөбөсөк ким сүрөйт? “ – деп билдирди 14-сентябрда президенттикке талапкер Темир Сариевдин Кайыңды шаарындагы шайлоочулар менен жолугушуусунда аны коштоп жүргөн Сары-Өзөн-Чүй коомдук бирикмесинин лидери Аскарбек Макеев.
“Ошондо башкалар карайт. Карагылачы, Ташиев кечээ оппозицияда беле? Эмне үчүн Темике менен жолуккан жок? Жээнбеков менен чоогу болуп жатат. А эмне үчүн биз Темикемди колдобойбуз? Бизде ар намыс деген барбы? Ата-бабалардын арбагы да кечирбейт. Темикем Чүйдөн биринчи орунду албаса бизге уят! Биз көп башкалардын камчысын чаптык , менменсингендерди колдодук. Кээ бирлер айтат “Чүйгө таш ыргытсаң жата калат” деп, жок, давай тура калалы! Биз эмне токолдун балдарыбызбы? “ – деди Аскарбек Макеев.
Булак: Кyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ