Кыргыз бийлигинин айлана- тегерегинде өтө эрке, өтө айлакер, анан да “сууга салса да чөкпөгөн, отко салса да күйбөгөн” фигуралар толтура. Биздин замандын андай “асыл” каармандарыбыздын бири Кубанычбек Кулматов деген кылган иши менен баарыбызды “кубанткан” мырза бар. Бу кишинин жашоосундагы бактылуу сааты айрыкча 2010-жылдагы апрель революциясынан кийин катуу чыкылдай баштаган. Чык-чык, чык-чык…
Кулматов Кыргызстан үчүн кыйратып иш кылбасаң да ылдый эмес, өйдө көздөй гана чык,чык этип жылып келет. Адашса да, абтарыйкаты эл ичинде нөл болуп калса да.Ишенбесеңер өзүңөр деле көз жүгүртүп көргүлө. “Биздин” Кубанычбек ошол 2010-жылдын апрелинде мамлекеттин бажы тармагынын башына “жаңыларыбыз” майлуу-сүттүү жерлерди талашып, жулушуп жаткан маалда келет. Ал жерге кантип барганы, кандай талаш-тартыш менен башкы бажычынынын креслосуна олтурганы баарыбызга эле дайын болуш керек.(телефон-гейттерди эстесеңер) Анан ал киши барганы бажыканадан мурдагыдай каражаттар казынага түшпөй, коомчулукта ал кишинин дарегине жакшы эмес сөздөр айтыла баштаганда ал жерден акырын жылып чыгат.2013-жылы президент өзү иштеген аппаратка жакыныраак тартып аны акыл кошчусу (советниги) кылып алат. Ажонун ал кишиге болгон ушундай симпатиясынан кийин “Кулматов бажыкананы кууратты. Сени элеби,сени..!” деп дүпүлдөп жаткандардын жаактары жап болот. Арадан анча эмес убакыт өтпөй бакыйган Чүй облусунун башчысы болуп чыга келет.Бирок, ал жер дагы бүгүнкү күндүн “эрке баласына” жакпай калдыбы,болгону ал жерде беш эле ай иштейт. 2013-жылдын август айынан 2014-жылдын январына чейин. Анан ал жерден кетип “ат тезеги кургаганча” Бишкек шаарынын мэри болуп дайындалат.Бирок, ал жерден да кыйратып иш кыла албай, биздин бир кездеги экологиялык эң таза делген борборубуз акыр-чикирлерге толуп, ал акыр-чикирлерди тазалоо үчүн мэр Кулматов өзү колуна күрөк алып шымаланып иштегенге аракет кылса да, ал киши мэр башы менен ошентип “эмгектенип” жатканын КТРден кайра-кайра көрсөтсө да көрөгөч шаардыктар баары бир ал кишинин жетекчилик дареметине ичи чыкпай, сын-пикирлерин мөндүрдөй жаадырып туруп алат.
Айтмакчы, Бишкек шаарына мэр болгон мэрлердин ичинен коомчулук тарабынан эң көп сынга кабылган дал ушу К.Кулматов болду.Анан эле бир күндөрдүн бир күнүндө ошондой мамлекеттик жооптуу кызматта олтурганына карабай “үй-бүлөмдө маселе чыгып калды, мен кеттим” деди да баса берди. Ошондо: “бул деген барып турган жоопкерсиздик эмей эмне? Килейген бир мамлекеттин борборунун башчысы эмес, жөнөкөй эле студент же катардагы бир жумушчу башка окуу жайга же жумушка которулуп жатса, канчалаган жерлерге барып кол койдуруп, “карызы жок” деген кагазын алган соң гана тийиштүү документтерин колуна алат. Биз Кулматовдун мыйзамды аттап өтүп чыгарган токтомдорун сотко беребиз” деп шаардык кеңештин айрым депутаттары чырылдамыш этти. Бирок, алардын аракетинен деле жыйынтык чыккан жок.К.Кулматов шаардык кеңештин депутаттарынын алдында отчетун бергенди гой, бир грамм дагы жоопкерчилик тартпай баса берди.Анан эки айча эс алып алып 2016-жылдын март айында ушуга чейин капчыгы калың болуп турган “Россия-Кыргызстан өнүктүрүү фондунун” жетекчиси болуп дайындалып, иштеп келди. Ал жерде деле кыйратып иш кыла албады.Сын-пикирлердин горизонтунда Кубанычбек Кулматовдун ысымы кайрадан жаңыра баштады.Болгондо да Жогорку Кеңеште. Анда парламенттеги “Ата-Мекен” фракциясы өзүнүн кайсы бир отурумуна аталган фонддун кылып жаткан иштеринен,андагы 500миллион доллардын “тагдыры” туурасында маалымат алуу үчүн анын жетекчиси К.Кулматовду жыйынга чакырат. Бирок, тиги киши келбейт. Анткенинин себебин: “Россия-Кыргызстан өнүктүрүү фонду бул-эл аралык фонд.Андыктан парламенттин алдына отчет берүүгө милдеткер эмес” деп түшүндүргөнү айтылат.Мындай жоопту уккан, анда түрмөгө түшө элек Ө.Текебаев итиреңдеп: “Кулматов өзүн “шалун”, “проказник” көрсөтүп жатат.Аталган фонд мамлекеттин алдында отчет берүүгө түздөн-түз милдеттүү.Кулматов Кыргыз мамлекетинин Жогорку Кеңешине отчет бербегендей ким ал? Ал эми жанагы 500миллион доллар жеке бирөөнүн колуна эмес, Кыргыз мамлекетине берилген.А фонд болсо Кыргызстанда катталган” деп жар салганы бар.Анысына кошуп :“ Кулматов ошол фонддон айына 15 миң доллар айлык маяна алат” деп кошумчалаган.Андан бир жыл мурун болсо керек, Кыргызстандын ал кездеги Улуттук Банкынын төрагасы 120 миң сом айлык алат деген маалымат тараганда далайлары аңкайып калды эле, “Кулматовдун маянасы 15 миң доллар” дегенди угуп алышып, азыр далайлардын шилекейлери акмак турсун тескерисинче кургап калгандай эле абалда калышкан.
Эми ошо Кубанычбек Кулматов кечээ Жогорку Кеңеш тарабынан Кыргызстандын Улуттук банкынын башчылыгына ишенимдүү бекитилди.Бул тууралуу Жогорку Кеңеш ошол эле замат током кабыл алды.
Булак: “Айгай пресс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ