Menu

Пирамида ЖЧКсын парламенттик телеканал кылып кайра түзүү демилгеленүүдө

Бөлүшүү:

Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитет «Медиа Холдинг Пирамида ЖЧКсын Парламенттик телеканал кылып кайра түзүү маселесин карап, бул багыттагы негизги бүтүмдү жумушчу топ чыгарсын деген жыйынтыккка келди. Мындай маалыматты Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирет.

Бул боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын Басма-сөз кызматынын жетекчиси Ибрагим Нуракун уулунун  маалымат берди. Анын айтымында, аталган телеканал парламенттеги жалпы жыйындарды түз алып көрсөтүп жатат. Эми келечекте комитет, фракция жыйындарын, коомдук угууларды да түз алып көрсөтүү жагы колго алынмакчы.  “Пирамида” Жогорку Кеңештин карамагына өтө турган болсо, аны каржылоо иштери парламентке жүктөлмөкчү.

Талкууда депутат  Дастан Бекешев 5-канал парламенттик телеканал болуп эсептелерин айтып, адегенде ошол мыйзамды жокко чыгаруу зарылдыгын эскертти.

Депутат Альфия Самигуллина болсо атайын жумушчу топ түзүп маселени кылдат кароо зарылчылыктарын сунуштады.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 72 − 68 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: