2017-жылдын 18-сентябрь күнү Өзгөн РИИБнин нөөмөт бөлүмүнө 45 жаштагы Н. Ж. аттуу жергиликтүү тургун арыз менен кайрылган. Себеби ушул эле жылдын 18-сентябрга караган түнү белгисиз адамдар Шералы айылында жайгашкан “Токтогул-Ата” аттуу кафесинин эшигин бузуп киришип, 77 000 сом акчасын уурдап кетишкен. Бул туурасында Ош ОИИБнин Басма сөз кызматы билдирет.
Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иш-чараларынын натыйжасында кылмыштын “изин суутпай” кылмышка шектүү катары 25 жаштагы А.И. менен 27 жаштагы А.Д. аттуу Өзгөн районунун тургундары кармалышкан. Учурда шектүүлөр убактылуу- кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ