Menu

Кыргыз өкмөтү кылтыңдай баштады…

Бөлүшүү:

Чубактын кунундай чубалган Чехиялык “Лигласс” «кыз» чыкпай калды. Муну Зилалиев өзү текшерип, Исаков ага ишениптир…

Дегенибиз, Кыргыз өкмөтү Жогорку Нарын каскадын жана он чакан ГЭСти курмакчы болгон чехиялык “Liglass Trading” компаниясы менен түзүлгөн келишимден бир тараптуу баш тартты. Бул тууралуу премьер-министр Сапар Исаков өкмөттүн чукул кеңешмесинде билдирди. Буга “Лигласстын” келишимдин шарттарын өз убагында аткарбаганы себеп болгон. О оба, туура эле баш тартыптыр. Бирок, буга чейин коомчулукта аталган компания “аферист” деген пикирлер жайнап чыкса да эмнегедир Сапар Исаков жанын сабап аны коргогон эмес беле. Ага кошулуп Дүйшөн Зилалиев өпкө-жүрөгүн чаап чыккан. Эми экөө алакан жайса эле “мейли” деп олтуруп калышыбыз керекпи? Аныгында, өлкөнүн кадыр-баркын тобокелге салгандыгы үчүн экөөнү тең ээлеген кызматтарынан бошотуп, кылмыш жоопкерчилигине тартыш керек. Анткени, алар билип туруп ушул кадамга барышса “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган” болушат. Билбей туруп ушул кадамга барышса «шалаакылык» кылышкан болот. Ал эми, жең ичинен пайда көрүшкөн болсо «шылуунчулук» болот. Баарынан коркунучтуусу мамлекеттин аброюн тобокелчиликке салса «чыккынчылык» болот. Эми мындан башка аныктама керекпи өзү?

Булак: “Майдан.kg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 74 = 84

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: