Мектеп окуучуларынын арасында укук таануу билимин жогорулатуу максатында, Жалал-Абад областтык сотунун судьясы А. Абылакимов 2017-жылдын 28-февраль күнү Жалал-Абад шаарынын №4 орто мектебинин 10-классынын окуучулары менен жолугушуу өткөрдү. Бул туралуу Жалал-Абад областтык сотунун пресс-кызматы билдирди.
Жолугушууда судья А. Абылакимов окуучуларга адамдардын жана жарандардын мыйзамда каралган укуктарынын жана милдеттеринин түшүнүгүн ачып берип, ар бир адам төрөлгөн кезден баштап кайсы укуктары пайда болоору, андан кийин кандай милдеттери келип чыгаары тууралуу маек куруп берди. Андан кийин мыйзам бузуунун залакасы мыйзам бузуучунун өзүнө жана мыйзам тарабынан корголгон башка адамдардын укук жана эркиндиктерине тийгендиги тууралуу маалымат берип, мындай терс көрүнүштөрдү болтурбоо максатында окуучуларды тартиптүү болууну жана өспүрүм кезинен баштап мыйзамды урматтап, сактоого үндөдү.
Мындан сырткары мектептин “Укук таануу” сабагынын темасы: “Менчик түшүнүгү жана укугу” болуп белгиленген, бул теманы судья А. Абылакимов окуучуларга түшүндүрүп, өзүнүн судьялык практикасында каралган жарандык иштерден мисалдарды келтирип берди.
Жолугушуунун аягында судья А. Абылакимов окуучуларга ийгиликтерди каалап, алар менен эстеликке сүрөткө түштү.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ