Түркияда мыйзамсыз адам органдарын мыйзамсыз сатууга тиешеси бар деп шектелген 18 адам кармалды. Бул тууралуу Anadolu басылмасы жазып чыкты.
“Качкындар арасындагы адамдарды сатууга каршы күрөшүү кызматы “этика комитетине” өздөрүн органдарды трансплантациялоого муктаж адамдардын туугандарыбыз деп аташкан 18 чет өлкөлүктөрдүн шектүү көрсөтмөлөрү боюнча тергөө ишин баштады” – деп айтылат маалыматта.
Ошентип, тергөө иштеринин жүрүшүндө, бул адамдар бейтаптар менен туугандык байланышы жок болуп, алардын органдарын сатууну каалашкан.
Жалпысынан 18 адам кармалган. Алардын арасында Нигерия, Уганда, Грузия, Россия, Украина, Кыргызстан жана Түркмөнстандын жарандары болгон. Сурактан кийин 8 адам бошотулуп, 10 адам сотко өткөрүлдү. Андан кийин 5 адам камакка алынып, калган 5 адамга эч жакка кетпөө тууралуу тил кат берилген.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ