Мектепте иштеген аялынын ордуна пахта терүүгө чыккан Анжияндын 58 жаштагы тургуну Музаффар Умрзаков талаада каза болду. Окуянын күбөлөрү кабарлашкандай, ал чогулткан пахтасын жүк унаасына алып баратканда жүрөгү кармап жыгылган.
Окуя 16-сентябрда Анжиян облусунун Избаскан районундагы Пойтуг шаарына жакын жердеги пахта талаасында болгон.
Маалыматка караганда, Музаффар Умрзаков пахта талаасына Анжияндагы мектептердин биринде пол жуугуч болуп иштеген аялынын ордуна чыккан.
Анжиян облустук билим берүү башкармалыгынан билдиришкендей, быйыл пахта теримге мектептердеги техникалык кызматкерлер гана чыгарылган. «Күйөөсү пахта талаасында каза болгон аял №8 мектептин техникалык жумушчусу. Ал директорго жууркан көктөй турганын айтып, анын ордуна пахта терүүгө жолдошун жиберүүнү өтүнгөн», – деп билдиришти мекемеден.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ