Буга чейин экс-министр, экс-депутат Нурлан Сулаймановго бир топ сын пикирлер айтылган эле. Көрсө, каарманыбыздын жөнү башка экен. Ооба, ага убагында айрым бир карасанатайлык менен кылмыш иштери козголуп, бирок реалдуу турмушта сот тарабынан акталып, учурда ден соолугун чыңдоо менен саясый турмушка кызыга баштаганын эшиттик. Шайлоого карай Нукең Чоң-Алайдагы калың электоратын КСДПнын талапкерине буруп, эл астында чоң урмат-сыйга татый турганы кызуу кепке айланды. Шайлоолордо добуш алуу жагынан тажрыйбалуу Н.Сулайманов бу саам да ийгиликтерди багындырып, өзүнүн татыктуу ордун тандоого белсенгендей.
Булак: “Азия Ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ