Россиядагы кыргыз мигрантарынын саны быйыл 27 пайызга көбөйдү. 2017-жылдын сегиз айында 365 миң кыргыз жараны Россияга кеткен. Бул тууралуу Кыргызстандын миграция кызматы жаңыдан маалымдады. Жыл башынан бери мигранттар тарабынан 1 миң 419 кылмыш жасалган. Анын 246сы оор, 374у талап-тоноо, 85и экономикалык кылмыш, 55и маңзатты сатуу аракетине жана 11 террордук акты боюнча иш козголгон. Кыргызстандыктарга 1638 жолу 66,8 миллион рубль айыппул салынган. Жыл башынан бери 27 кыргызстандык Россиядан чыгартылган.
Булак: “Азия Ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ