Президенттикке КСДП партиясынан бирдиктүү талапкер Сооронбай Жээнбековду колдоп чыкканын “Ата-Журт” партиясынын лидери Камчыбек Ташиев төмөнкүчө түшүндүрдү. Ал бул туурасында: “Экөөбүз жолугуп, кызмат сурабай, башкалардай “премьер болом” деп бөлүшпөй эле, мамлекеттин биримдиги үчүн бириктик. Бул президенттик шайлоо мамлекеттин тагдырын чече турган окуя болот”, – деди Сузак районунун Барпы айылында шайлоочулар менен жолугушуп жатып. Муну менен Ташиев мурдагы тилектештери Төрөбаев менен Бабановду какшыктап, элдин, мамлекеттин эмес, кызмат, бийлик үчүн бириккендерден өзүн оолак кармай турганын кыйытты. Жээнбековду колдогон Ташиев, эми жакынкы күндөрү талапкерлигин алат.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ