КР Президенти С.Ш.Жээнбековдун тапшырмасына ылайык жана кыргыз тараптын кайрылууларынын жыйынтыгы боюнча Ислам Республикасынын Иран Өкмөтү 2020-жылдын 14-августунда COVID-19 илдети менен күрөшүүгө Кыргыз Республикасына гуманитардык жардамдын экинчи партиясын жөнөттү. Бул тууралу КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Кыргызстанга коронавирус инфекциясынын жаңы түрү менен күрөшүүгө жиберген достук өлкөнүн гуманитардык жардамынын экинчи партиясы медициналык жабдыктардан (ИВЛ, термометр жана пульсоксиметр), ошондой эле COVID-19 илдетин аныктоочу каражаттардан (ПЦР-тест жана ИФА-анализ) турат.
Гуманитардык жүктү тапшыруу салтанатына КР ССМ статс-катчысы К.Т.Шадыханов, Ирандагы Кыргызстандын элчиси А.Абдуразаков жана Кыргызстандагы Ирандын элчиси Саид Харази катышты.
Иран тараптан көрсөтүлгөн гуманитардык жардам бул өлкөнүн Өкмөтү тарабынан сыноодон өткөрүлгөн коронавирус менен болгон кыйынчылыктарга карабастан, эки мамлекеттин ортосунда өз ара колдоого негизделген жылуу бир туугандык мамилелердин бар экендигин айгинелейт.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ