Menu

КР Президентин шайлоонун Гимни менен үгүтпоезд сапар алды

Бөлүшүү:

«СЕНИН ДОБУШУҢ–СЕНИН КЕЛЕЧЕГИН! ТВОЙ ВЫБОР–ТВОЕ БУДУЩЕЕ!» – аттуу шайлоочуларды шайлоо процессинин этаптары, жаңы шайлоо моделинин артыкчылыгы, добуш берүүнүн жол жоболору жөнүндө маалыматтык үгүтпоезд  сапар алды.  Бул туурасында БШКнын маалымат кызматы билдирет.

Үгүтпоездин негизги максаты: Президенттин ыйгарым укуктары, добуш берүүнүн купуялуулугу, добуш сатууга каршы аракет, ден соолугу жагынан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын укугуна көңүл буруу-“Кошунаңды ээрчите кел”! жөнүндө маалымат таркатуу болуп саналат.

Өткөн жумалардагы үгүтпоездин старт алуу аземине Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү, аппараттын кызматкерлери, ЖОЖ жана лицейлердин  студенттери, шаардыктар жана мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар катышты. 

Шаардагы эски аянтка LED-экран орнотулуп, шайлоочуларды биометрикалык идентификациялоо, (АСУ) автоматтык саноо урнасы аппаратуралары коюлуп, шайлоонун бардык жол жоболору көргөзүлүп, анын жыйынтыгы кеңири экранга чыгарылып жатты.

Иш-чаранын катышуучулары шайлоо процессине  кийлигишүүгө жана добуш берүүнүн жыйынтыгын ишенимдүү чыгарууга тоскоолдуктардын жоюлушун активдүү колдоп турушту.

Ошондой эле кеченин кульминациялык учуру болгон концертте, Президенттик  шайлоого атайын жазылган Гимндин  аткарылышы болду.  Аны  БШКнын жамааты, Кыргызстандын белгилүү ырчылары (Токтобек Асаналиев, Гүлжигит Калыков, Гүлнара Тойгонбаева, Рая Нургазиева, Султан Каримов, Аяна Касымова, Нурсултан Азыкбаев, Гүлнара Кахарова, Айбек Замиров, Мирлан Жетигенов, Жанар Туратова, Адилет Азимов, Жанетта Бобкова, Жылдыз Тутуева, Тилек Найманбаев, Каныкей Раймалиева) чоң сахнада  аткарышты.

Гимндин текстинде өз мекениңдин келечеги үчүн кайдыгер болбо деген чакырык жатат:

Таң  нуру  тоодон  чачылганда,
Тагдырым сен деп!-ашыгам
анда.
Кымбатым
сенсиң, кыргыз элим,
Жакшылап
танда, мыктыны шайла!

Кайырма:
Жеримдин көркү Ысык-Көлүмдөй,
Токою
кенен Талас жеримдей.
Аскасы
бийик Нарыным барда,
Байыркы
 Ош алгала, чамда!
Жалал-Абад
жаркырайт таңда,
Баткеним
ырдайт кошулуп  шаңга,
Борборум Бишкек дем
берип жанга!!!
Өркүндөп
өскүн Кыргызым алга!!!
Келечек
  үчүн  жакшыны  танда!!

Ала-Тоо мөңгү конушуң болсун,
Акыйкат
чечкен добушуң болсун.
Улаган
жолуң Манастын алга!
Эмгекти
сүйгөн  жаштарың барда!

Гимн шайлоо процессинде  шаңга бөлөгөн  учурлар деп  ишенет Борбордук шайлоо комиссиясы.

Үгүтпоезд бүткүл өлкө боюнча:«СЕНИН ДОБУШУҢ–СЕНИН КЕЛЕЧЕГИҢ! ТВОЙ ВЫБОР – ТВОЕ БУДУЩЕЕ!»аттуу ураан алдында өтөт.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 48 + = 56

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: