Menu

Түз келе жатып, тайгак кечүүдөн адашкан судья Марат Сыдыков

Бөлүшүү:

Деги эле тарыхта болбогон, акылга сыйбаган иш болду, кысталактыкы. Биринчи Май райондук сотунун судьясы Сыдыков Марат Раимбекович 12-сентябрь күнү кесиптешибиз Зулпукаар Сапановду «Кыдыр Санжырасы» деген китеп аркылуу оюн айткандыгы үчүн 4 жылга эркинен ажыратты. Кудайдан коркпогон Марат Сыдыков Зулпукаар мырзага жакшы мамиле кылып келип, аягында ыргыштап калганы кандай?! Же алчусун алып туруп, Зулпукаар Сапановго болгон мамилесин кескин өзгөрттүбү? Акыйкаттыктан тайган Марат Раимбекович акыры жазасын алып, бул кылгандыгы үчүн бармагын тиштей турган күн бардыр. Жок дегенде башкасын сыйлабаса дагы өзү көтөрүп жүргөн баш мыйзамда «дин мамлекеттен ажыратылган. Кыргызстан светтик мамлекет» деген жазууну окуп койсо деле ашыкчалык кылбайт эле. Сиздейди билимсиз сот дейт Марат мырза! Атасын абакка кесип ийген Сапановдун балдарынын ордуна өзүңүздүн балаңызды коюп туруп, бир ойлонуп көрүңүзчү! Ошол балдарынын деле убалы уктатпайт го. Акыйкатсыз чыгарган чечимиңиз үчүн бул дүйнөдөгү жазадан кутулсаңыз дагы, акыретте өз жазаңызды сөзсүз алаарыңызды унутпаңыз.

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 15 − = 6

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: