Menu

“Мал ууру” рейдинин жүрүшүндө Чүй аймагынан бир катар мал уурдоо фактыларынын бетин ачылды

Бөлүшүү:

2017-жылдын 19-июнь күнү Кемин райондук ички иштер бөлүмүнө 28 жаштагы O.A. аттуу жергиликтүү тургун арыз менен кайрылган. Бул туурасында Чүй ОИИББнин Басма сөз кызматы билдирет.

Ушул жылдын 18-июнунда болжол менен саат 21:00 чамасында белгисиз адамдар Боралдай айылында жайгашкан сарайынан бир баш бодо малын уурдап кетишкен. Бул окуя боюнча Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 165-беренесине (мал уурдоо) ылайык кылмыш иши козголгон. Кемин районунун милиция кызматкерлери “Мал ууру” рейдинин жүрүшүндө Кемин районунун 41 жаштагы Э.Т., жана мурда сот жообуна тартылган Ш.К. аттуу тургундары кармалышкан.

Ал эми, 2017-жылдын 5- март күнү Чүй райондук ички иштер бөлүмүнө Прогресс айылынын 50 жаштагы А.Ж. аттуу жашоочусу арыз менен кайрылып, 5-март түнү сарайынан беш майда мүйүздүү малын уурдап кетишкендигин билдирген. Бул окуя боюнча кылмыш-жаза кодексинин 165-беренесине (мал уурдоо) ылайык кылмыш иши козголгон. Чүй облусунун ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында кылмышка шектүү катары мурда сот жообуна тартылган 27 жаштагы Р.М., жана 39 жаштагы К.У. аттуу жергиликтүү тургундар кармалышкан. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.

2017-жылдын 7-сентябрында Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнө Төмөнкү-Чүй айылынын 66 жаштагы А.А. аттуу жашоочусу арыз менен кайрылып, сарайынан музоосу уурдалганын билдирген. Аталган факты боюнча Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 165-беренеси (мал уурдоо) менен кылмыш иши козголгон. Милиция кызматкерлери тарабынан 40 жаштагы А.М. аттуу жергиликтүү тургун кармалган.

2017-жылдын 15-май күнү Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнө Боксо-Жол айылынын тургуну кайрылып, арызында эки баш бодо малын белгисиз адамдар тарабынан уурдалганын кабарлаган. Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 165-беренесинин (мал уурдоо) негизинде кылмыш иши козголгон. Жайыл районунун милиция кызматкерлери тарабынан көрүлгөн ыкчам-издөө иш-чаралардын жүрүшүндө 36 жаштагы Бекитай айылынын тургуну кармалган.

Ошондой эле, Жайыл РИИБдин кызматкерлери тарабынан “Мал ууру” рейдинин жүрүшүндө 35 жаштагы Ч.Д. жана 28 жаштагы Ж.Н. аттуу адамдар кармалышып, Суусамыр жайлоосунан ири мүйүздүү бир нече уурулук фактыларына тиешелери бардыгы аныкталган. Азыркы учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 46 − 42 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: